Кыргызстан: “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга вето коюу зарыл

Кыргызстан: “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга вето коюу зарыл - Digital

АРТИКЛЬ 19 жакында кабыл алынган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” Мыйзамга (мындан ары – Мыйзам) терең тынчсыздануусун билдирет, себеби бул Мыйзамда Кыргызстанда Интернеттеги, айрыкча социалдык тармактардагы маалыматтарга катуу көзөмөл киргизүү каралган. Мындан улам АРТИКЛЬ 19 президент Сооронбай Жээнбековду Мыйзамга вето коюуга чакырат. Ошондой эле биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүн Интернетте да, анын тышында да пикир билдирүү эркиндигин колдоого чакырабыз.

“Бул мыйзам Кыргызстандын пикир билдирүү эркиндигине болгон укукту колдоп, коргоо боюнча милдеттенмесин бузууда. Кыргызстан бул милдеттенмени сөз эркиндигинин эл аралык стандарттарына ылайык аткарууга милдеттенген”, – деди АРТИКЛЬ 19дун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмдүн жетекчиси Сара Кларк.

“COVID-19 пандемиясынын контекстинде жалган маалыматка каршы турууга мажбурлоочу ыкмалардан баш тартуунун пайдасына мамлекеттик саясаттын жегиздүү жүйөлөрү бар. Жалган маалыматка карата катаал мамиле коомдун активдүүлүгүн басат, бул болсо ооруну жуктургундарды эрте мөөнөттө аныктоого, эффективдүү реакция жасоого бут тосот. Президент ушул Мыйзамга вето коюуга милдеттүү”.

Мыйзам жөнүндө негизги маалымат

Бейшемби күнү, 2020-жылдын 25-июнунда, Жогорку Кеңеш (Кыргыз Республикасынын Парламенти) COVID-19 пандемиясынын шартында март айынан бери Өкмөт тарабынан сунушталган бир катар мыйзам актыларынын алкагында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” жаңы мыйзамды кабыл алган. Мыйзам шайлоо өтчү жылы кабыл алынып, ал эми парламенттик шайлоо 2020-жылдын октябрь айына белгиленип, журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кол салууну кошкондо, пикир билдирүү эркиндигине катаал чектөөлөр киргизилип жаткан мезгилде күчүнө кирди.

Интернетте жалган жана такталбаган маалыматтарды жайылтууга каршы күрөшүүгө багытталган деп айтылган мыйзам бир катар бүдөмүк жана өтө эле кеңири аныктамаларды камтыйт. Бул Мыйзам Интернет-сайттарга жана социалдык тармактардагы аккаунттарга талаптагыдай жол-жоболорду сактабастан бөгөт коюу укугун бийликке берет. Ошондой эле Интернет-провайдерлерден алты ай бою колдонуучулардын маалыматтарын, анын ичинде сүрөттөрдү, аудио жана видеолорду сактоону, ал маалыматтарды мамлекеттик органдар сураганда бөлүшүп турууну талап кылат.

АРТИКЛЬ 19 Мыйзам Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 19-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренеси менен кепилденген сөз эркиндиги жаатындагы стандарттарга жооп бербейт деген тыянак чыгарды. Ушул жоболорго ылайык, пикир билдирүү эркиндигине болгон укукка кийлигишүүгө так аныкталган шарттарда гана жол берилет. Конкреттүү саналып берилген мыйзамдуу максаттарга (анын ичинде коомдук саламаттык сактоого) жетишүү үчүн мыйзамдарда өзгөчө учурлар каралышы керек, ал бул максаттарга жетүү үчүн зарыл жана өлчөмдөш болууга тийиш. Бул критерийлерге баа берүү менен, АРТИКЛЬ 19 пикир билдирүү эркиндигине болгон укукту коргоо чын билдирүүлөр же чын маалыматтар менен гана чектелип калбастыгын белгилейт. Чындыгында, жалган билдирүүлөр да пикир билдирүү эркиндигине болгон укуктун алкагында корголууга тийиш. Негизги терминдердин аныктамаларынын жоктугу мыйзамдуулуктун талабын бузат. Мындан тышкары, цензурага жана кылмыш санкцияларына таянып, туура эмес маалыматтарга карата көрүлгөн расмий жооп чаралар демократиялык коомдогу өлчөмдөштүк жана зарылчылык критерийлерине байланыштуу кооптонууларды жаратат.

АРТИКЛЬ 19дун баамында, COVID-19 пандемиясы учурунда адамдар вирустун жайылышына же бийликтин реакциясына байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүгө укуктуу болгонун сезиши керек, бул адамдардын тынчсыздануусу негизсиз болуп калса, жаза алам деп коркпошу керек. Адамдарды билбей жалган маалымат тараткандыгы үчүн жазалоо вирустун жаңы очокторун тезинен аныктоо жана ага жооп кайтаруу үчүн зарыл болгон маалымат алмашууга бут тосуп, коомдогу баарлашууга олуттуу тоскоолдук кылат.

Цензурага кайрылгандын ордуна, кыргыз өкмөтү COVID-19га тиешелүү билдирүүлөргө жооп катары репрессиялык мыйзамдарды колдонууга мораторий киргизиши керек. Өкмөт мыйзамдардын сөз эркиндиги боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келишин камсыз кылуу үчүн аны реформалоо боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Мыйзамдын болжолдуу булактары

Ошондой эле АРТИКЛЬ 19 Кыргызстандын бийлиги Мыйзамдын негиздемесинде башка өлкөлөрдүн бир катар мыйзамдарына жана мыйзам чыгаруу сунуштарына шилтеме бергенин тынчсыздануу менен белгилейт. Аларга Улуу Британиянын “Интернеттеги зыян тууралуу” “Ак китеби”, Франциянын “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамы жана Германиянын “Социалдык тармактарда колдонуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамды колдонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу тууралуу мыйзам чыгаруу актысы (ал NetzDG катары да белгилүү) кирет.

АРТИКЛЬ 19 буга чейин NetzDG, Франциянын жана Улуу Британиянын мыйзамдарынын мазмунуна жана көлөмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген, анткени алар өтө эле кеңири болуп, цензураны жеке компанияларга, атап айтканда социалдык тармактардын платформаларына өткөрүп беришкен. Ушул мыйзамдардын эч бири сөз эркиндиги боюнча эл аралык стандарттарга толук жооп бербегендиктен, алар Кыргызстанда жаңы мыйзамдар үчүн негиз катары колдонулбашы керек. Тескерисинче, кыргыз бийлиги ушул мыйзамдарга байланыштуу пайда болгон көйгөйлөрдү эске алып, өз мыйзамдары пикир билдирүү эркиндигин негизсиз чектебешин камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш.

Ушул мыйзамдарга байланыштуу пайда болгон көйгөйлөр тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн англис тилинде жазылган аналитикалык документибизди окуңуз.

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында даярдалады. Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө эле чагылдыра бербейт.