Бул аналитикалык документте АРТИКЛЬ 19 үстөмдүк кылган социалдык тармактардын платформалардын – Facebook, Twitter жана YouTube (Google’га таандык) – пикир билдирүү эркиндиги жаатындагы эл аралык стандарттарына шайкештигин изилдейт жана пикир билдирүү эркиндигин коргоого берилгендиктерин көрсөтүү үчүн компаниялар эмне кылышы керектиги боюнча практикалык сунуштамалар берилет.
Социалдык тармактар биздин баарлашуунун өзөгүн түзүп калды. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда дүйнө жүзүндө “Фейсбуктун” 2,2 миллиард жигердүү колдонуучусу жана “Твиттердин” 330 миллиард жигердүү колдонуучусу бар. Социалдык медиа компаниялары пикир билдирүү эркиндигине оң таасирин тийгизгени менен, ошол эле маалда биз кандай маалыматтарга жете алабыз дегенди чечүүдө зор бийликке ээ болушту. “Интернетте бардыгы бар” деген кеңири жайылган пикирге карабастан, социалдык тармактарда маалымат бөлүшүүнү көзөмөлсүз деп айтууга болбойт. “Фейсбукка”, “Твиттерге” же “Ютубга” кошулуу менен, колдонуучулар ар бир компания алгылыктуу же алгылыксыз деп эсептеген контенттин түрлөрүн аныктаган колдонуу шарттарына да макул болушат. Ушул стандарттарды бузган социалдык тармактардын колдонуучулары өз контентинин өчүрүлүп калышына же аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүнүн толук чектелишине дуушар болушу мүмкүн. Мындан тышкары, социалдык тармактардын платформаларына өкмөттөр тарабынан улуттук мыйзамдар боюнча зыяндуу же мыйзамсыз деп табылган контентти өчүрүү боюнча тынымсыз кысым көрсөтүлүп турат. Ошентип, Интернетте цензура барган сайын менчиктештирилип жатат, бул Интернеттеги пикир билдирүү эркиндигин коргоого байланыштуу олуттуу суроолорду жаратууда.
Ушул аналитикалык документте АРТИКЛЬ 19 социалдык медиа компаниялары келишимдин эркиндигинин принцибине ылайык контентти чектөөгө негизинен эркин болсо дагы, алар адам укугун, анын ичинде пикир билдирүү эркиндигине, жеке жашоонун купуялуулугуна укукту, талаптагыдай укуктук жол-жоболорду сакташы керектигин белгилейт. Документте Интернетте пикир билдирүү эркиндигин коргоонун, айрыкча социалдык медиа компанияларга карата колдонулган стандарттар, ошондой эле келишимдерди жана макулдашууларды түзүү жолу менен пикир билдирүү эркиндигин жөнгө салууга байланышкан негизги маселелер баяндалат. Бул документте Google, Facebook, Twitter жана Youtube тармактарынын колдонуучулар менен макулдашууларынын өз-өзүнчө жоболоруна анализ жасалып, социалдык тармактардын платформаларын жөнгө салуу үчүн саясаттарынын жана эрежелеринин түрдүү варианттары каралат. Соңунда АРТИКЛЬ 19 компаниялар адам укуктарынын негизги стандарттарын кандайча сакташы керектиги жөнүндө сунуштамаларын берет.
Негизги сунуштамалар
Мамлекеттерге сунуштамалар
- Мамлекеттер социалдык медиа компанияларын үчүнчү жактын контенти үчүн жоопкерчиликтен коргогон мыйзамдарды кабыл алышы керек жана аларды берүүлөрдү жөнгө салуучу органдардан же башка ушул өңдүү мамлекеттик органдардан көз каранды кыла турган мыйзамдарды кабыл албашы керек;
- Мамлекеттер социалдык медиа компанияларына контентти өчүрүп салуу максатында мыйзамсыз кысым көрсөтүүдөн алыс болушу керек;
- Мамлекеттер социалдык медиа компаниялары тарабынан пикир билдирүү эркиндигинин бузулушунан укуктук жактан коргоонун натыйжалуу ыкмаларына укукту камсыз кылышы керек.
Социалдык медиа компанияларына сунуштамалар
Ишкерчилик ишмердигинин адам укуктары аспектисиндеги Жетектөөчү принциптерди эске алуу менен, социалдык медиа компаниялары төмөнкү кадамдарды жасашы керек:
- Компаниялар колдонуучулар менен түзгөн макулдашуулар жетишерлик түшүнүктүү, жеткиликтүү болуп, пикир билдирүү эркиндиги жана жеке жашоонун купуялуулугу жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келиши керектигин камсыз кылууга тийиш. Алар ошондой эле жамааттын ченемдери иш жүзүндө кандайча колдонулуп жаткандыгы жөнүндө кененирээк мисалдарды же тематикалык изилдөөлөрдү бериши керек;
- Компаниялар чечим кабыл алуу процесстеринде, анын ичинде алгоритмдер жана “ишенимдүү белги” системалары сыяктуу контентти модерациялоо үчүн колдонгон аспаптарда кыйла ачык болушу керек;
- Компаниялар колдонуучулар менен түзүлгөн макулдашууларды сактабагандыгы үчүн санкциялар өлчөмдөш болушун камсыздашы керек;
- Компаниялар даттанууларды берүүнүн ички механизмдерин түзүшү керек, анын ичинде контентти мыйзамсыз өчүрүүгө жана колдонуучулардын пикир билдирүү эркиндигине болгон башка чектөөлөргө карата да түзүшү керек. Тактап айтканда, колдонуучуга анын үстүнөн берилген даттануу жөнүндө толук кабарлама берилиши керек жана анын контенти өчүрүлгөнгө чейин ага реакция жасоого мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш. Контентти өчүрүү жөнүндө чечимдерге даттануунун ички механизмдери түшүнүктүү болуп, колдонуучулар аларды компаниянын сайттарынан тез таба алгандай болууга тийиш;
- Компаниялар даттанууларды берүүнүн ички механизмдерин түзүшү керек, анын ичинде контентти мыйзамсыз өчүрүүгө жана колдонуучулардын пикир билдирүү эркиндигине болгон башка чектөөлөргө карата да түзүшү керек;
- Компаниялар пикир билдирүү эркиндиги же жеке турмуштун купуялуулугу жаатындагы эл аралык стандарттарды бузган өкмөттөрдүн жана соттун токтомдорун аткаруудан карманууга тийиш, анын ичинде укуктук негизи болбогон жеке мүнөздөгү юридикалык суратымдарды аткаруудан алыс болушу керек;
- Компаниялар ачык-айкындуулук жөнүндө толук отчетторду жарыялашы керек, анын ичинде колдонуучулар менен түзүлгөн макулдашууларга ылайык контентти өчүрүүгө түшкөн жана каралып чыккан суроо-талап тууралуу кенен маалыматты жарыялоого тийиш. Ошондой эле түшкөн апелляциялардын санын жана алардын жыйынтыктарын кошкондо, даттануу процессиндеги маселелер боюнча кошумча маалыматты бериши керек.
Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында которулду. Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдөэле чагылдыра бербейт.