Интернетте асылуу жана зордук-зомбулук ар кандай формада болот жана ал өзүнө онлайн чабуулдардын кеңири өңүтүн камтышы мүмкүн, анын ичинде негизги социалдык тармактарда же айрым тиркемелерди, платформаларды же технологияларды колдонуу менен ишке ашат. Алардын көпчүлүгү журналист аялдарга карата гендердик негизде жасалган кол салууларды билдирет, аларды коркутуу жана оозун жабуу максатын көздөйт. Мындай аракеттер журналист аялдардын жеке аккаунттарына уруксатсыз кирүүдөн тартып, жыныстык асылуу жана опузалоого чейин болушу мүмкүн. Мындай иш-аракеттер журналист аялдардын журналисттик ишмердүүлүк жүргүзүү жөндөмүнө жана алардын жеке турмушуна жана коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бул төмөнкү формаларды камтышы мүмкүн:
• Доксинг – бул аялдын электрондук почта дареги, телефон номери же үй дареги сыяктуу жеке маалыматын ачык жайылтуу. Бул көп учурда куугунтуктоонун күчөшүнө алып келип, коопсуздугуна коркунуч келтирет;
• Аңдуу жана артынан түшүү – техникалык каражаттарды колдонуп, мамлекеттик же жеке уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу аялдын онлайн жана/же офлайн жашоосун көзөмөлдөө;
• Коркутуп-үркүтүү – коркуткан сөздөрдү санарип платформаларда же тиркемелерде жөнөтүү, адатта мындай кишилер физикалык же жыныстык зомбулук менен коркутат;
• Асылуу – реалдуу турмуштагы асылуу сыяктуу эле, Интернетте да аял каалабаган, аны коркутуп-үркүткөн бир катар иш-аракеттерди камтышы мүмкүн, бул үчүн билдирүүлөр же тиркемелер пайдаланылышы ыктымал. Интернетте опузалоо көп учурда бир нече чабуулчуларды камтыган массалык форманы алышы мүмкүн;
• Аялдын жыныстык мүнөздөгү сүрөттөрүн анын макулдугусуз таркатуу – аял өзү же башка бирөө тарткан, аялга билдирбей тартып алган жыныстык мүнөздөгү сүрөттөрдү аялдын макулдугу менен (же андан аны ары колдонууга макулдугун албастан), же башка ыкмалар менен ошол сүрөттөргө жеткен адам тарабынан таратылат. Бул олуттуу психологиялык көйгөйлөргө алып келип, кадыр-баркка терс таасирин тийгизиши мүмкүн;
• Куугунтуктоо (башкача айтканда, аңдышуу) – реалдуу жашоодогу аңдыганга окшогон бир катар иш-аракеттерди камтыйт, мисалы, технологияны колдонуп аялды тынымсыз көзөмөлдөө, мунун натыйжасында аял өзүн коркунучта сезет же анын тармакта эркиндиги чектелет;
• Хакинг – кимдир бирөө аялдын жеке аккаунтуна же түзмөктөрүнө кара ниеттик менен кирүүгө мүмкүнчүлүк алса, бул көп учурда кол салуунун башка түрлөрүнө, анын ичинде шантажга алып келиши мүмкүн;
• Жеке маалыматты уурдоо же аккаунтту уруксатсыз пайдалануу – кимдир бирөө Интернетте аялдын болуп-болбогонун көзөмөлдөп же анын атын жамынып алган көрүнүш;
• Дискриминациялык жана сексисттик билдирүүлөр жана гендердик стереотиптер – терс стереотиптерге, жынысына, улутуна, аялдын диний ишенимдерине же расасына негизделген көптөгөн билдирүүлөрдү камтышы мүмкүн.
Бул тизме толук эмес жана онлайн режиминде асылууга жана зомбулукка кабылган аялдар бир нече кол салуучулар тарабынан ушул мүнөздөгү ар кандай түрдөгү кол салууларга дуушар болушу мүмкүн.